Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Сиздердин мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар зор – бекеринен энергетика тармагы экономиканын өзөктүү тутуму деп айтылат.

Сиздер ар бир үйгө жарык жана жылуулук алып келесиздер, өлкөнүн жана биздин сүйүктүү борборубуздун бардык чөйрөлөрүндө туруктуу ишмердүүлүктү камсыздайсыздар. Өлкөбүздөгү кырдаалга, аба ырайына, сутканын убактысына карабай элге жарык, жылуулук тартуулап, Кыргызстандын шаарларын, айыл жергелерин электр энергиясы менен камсыз кылып келесиздер. Азыркы заманда энергетиктердин ролун баалоо кыйын!

Учурдан пайдаланып, сиздерди келе жаткан Жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге  жана үй-бүлөнүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Жаңы жыл сиздер үчүн жакшылыктарды алып келсин, ой-тилек, кыялдарыңыз орундалсын!

Урматым менен, Куванычбек Конгантиев