Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

3-декабрь Эл аралык майыптар күнү болуп өттү. Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга дагы бир себеп. Колдоого жана жардамга муктаж болгондорго кайдыгер карабагандар дагы биздин арабызда аз эмес.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бахтияр Иманалиев менен Арнас Тиллебаев да четте калбай, эң зарыл азык-түлүктөрдү камтыган 400 даана азык-түлүк баштык түрүндө жардам көрсөтүштү.

Бул жардам Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашаган көңүл бурууга жана камкордукка муктаж болгон адамдарга багытталган.