Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кымбаттуу достор,

Сизддерин кайраттуулугуңуздар, туруктуулугуңуздар жана оору-сыркоолорго карабай жашоодон ырахат алуу жөндөмүңүздөр чын жүрөктөн урмат-сый жана суктанууну жаратууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көрсөткөн тажрыйбалар туруктуулукту жана чечкиндүүлүктү күбөлөндүрөт.

Айрыкча кам көргөн адамдар жөнүндө сөз болгондо, кайрымдуулуктун, боорукердиктин, жүрөктүн жылуулугунун маанисин ашкере баалоо кыйын.

Албетте, жасалган аракеттер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар туш болгон бардык кыйынчылыктар толук көлөмдө толукталбайт. Заманбап коомдо майыптардын социалдык-маданий интеграциясына жигердүү салым кошуп жаткан майыптардын адистештирилген жана коомдук уюмдар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер өзгөчө урмат-сый жана ыраазычылык сөздөрүнө татыктуу.

Урматтуу бишкектиктер,

Биздин жардамга муктаж болгон жарандарга дайыма көңүл бурууңуздарды суранам. Боорукердик, башкаларга, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга аяр мамиле кылуу ар дайым талап кылынат.

Баарыңыздарга чын ден-соолук, чыдамкайлык, жакындарыңыздын сүйүүсү жана камкордугун, турмуштук көйгөйлөрдү чечүүдө ийгиликтерди каалайм.

Үйүңүздөрдө, жүрөгүңүздөрдө ар дайым жакшылык, жылуулук жана кубаныч болсун!

Терең урматтоо менен, Куванычбек Конгантиев