Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кенеши Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгын астында Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин иштеп чыгуу маселеси боюнча тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун,  “Шаардык өнүгүү” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн атынан эксперттик коомчулук, Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозов, “Бишкекбашкыархитектура” ММсынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын жетекчилери жана башкалар катышты.
Тегерек столдо Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин иштеп чыгуу маселелери, шаар куруу жаатындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Талкуулоолордун жыйынтыгы боюнча чечим кылынды:
- Бишкек шаарынын мэриясына Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылсын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана ТЖКЧ мамлекеттик агенттигине ЖПжКны иштеп чыгуу боюнча типтүү жобону тез арада кабыл алуу тууралуу кайрылсын.