Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарынын прокуратурасынын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин спикери Куванычбек Конгантиев катышып, борбор калаанын башкы көзөмөлчүлөрүн кесиптик майрамдары менен куттуктап, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Бишкек шаардык кенешинин төрагасы өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду.
"Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан жана өзүмдүн атымдан - Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Мамлекетибиздин тарыхында прокуратура органдары түзүлгөндөн баштап өлкөдө мыйзамдуулукту кепилдөөчү эң маанилүү механизмдеринин бири болуп, коомубузда өзүнүн олуттуу ордун ээлеп келет. 
Кыргыз эли эгемендүүлүк алгандыгына аз убакыт болсо дагы, өтө татаал, орчундуу, тагдыр чечүүчү күндөрдү башынан өткөрдү. Ошондой тарыхый учурларда эл, коомчулук, мамлекеттин ар кандай бийлик бутактары прокуратура органдарын карап, силердин чечимиңиздерди негизги чечим катары күтүп, кабыл алган учурлар болду. Кыргыз прокуратурасы башынан көп сыноолорду өткөрүп, дагы да элдин көз карашынын, баасынын, көнүлүнүн чордонунда калып келет десем жаңылышпайм.
Карапайым эл, мамлекеттик кызматкерлер, биз баарыбыз сиздерди биздин конституциялык укуктарыбызды жана эркиндиктерибизди коргоочу негизиги орган деп таанып келебиз. Мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоодо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууда, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө бекем, жоопкерчиликтүү иш алып барасыздар деген ишеничтебиз. 
Сиздерди дагы бир ирет кесиптик майрамыңыздар менен жана бүгүнкү сыйлыктарыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жумушунуздарда албан ийгиликтерди каалайм! Элибизде молчулук, жерибизде тынччылык болсун!"