Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2021-жылдын 20-октябрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов жарандарды кабыл алды. Бул кабыл алууга “Ала-Тоо” жана “Алтын-Ордо” конуштарынын тургундарынан өкүлдөр келишти.

“Ала-Тоо” конушунун тургундары транспорт көйгөйүн айтышты, ал эми “Алтын-Ордо” конушунда канализациялык тармактар маселесин чечүүнү суранышты. Ошондой эле, Свердлов районунун тургундары № 87 мектептин директоруна байланыштуу бир катар суроолорду, маселелерди айтышты. Угузулган маселелерди ар тараптуу кароо үчүн Бишкек шаарынын шаардык жана райондук кызматтарынын жетекчилери да кабылдамага чакырылган. Бардык маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, Токтосун Султановдун жеке көзөмөлүнө алынды.