Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Депутаттар Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарда, мектепке чейинки уюмдарда окуу процессинин башталышы, ошонун ичинде: мектеп окуучуларын китеп менен камсыздоо,

билим берүү уюмдарында өрт коопсуздугун камсыздоо, мектептердин ички дааратканаларын жана короо дааратканаларын ремонттоо, билим берүү объекттеринин жылуулук мезгилине даярдыгы боюнча маалымат угушту.

Маселени талкуулодо депутаттар билим берүү башкармалыгына, райондордун социалдык маселелер боюнча башчыларынын орун басарларына, территориалдык билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине окуучуларга коопсуз мектеп чөйрөсүн камсыздоого өз убагында иш жүргүзүү боюнча сунуштарды беришти.

Андан сон, Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуна жиберилген социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечимдерин аткаруу боюнча маалымат угулду.