Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Депутаттар тарабынан балдар спорт мектептеринин иши, алардын каржылоосу, тренердик курамы, жайлардын абалы жөнүндө маалымат угулду.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы шаардык кенештин кароосуна киргизилген 2021-2025-жылдарга дене тарбия жана спортту өнүктүрүү концепциясынын долбоорун, анын негизги аспектилерин жана ишке ашыруу механизмдерин сунуштады. Депутаттар талкуулоонун жыйынтыгы боюнча концепцияны белгиленген тартипте кайра иштеп чыгуу боюнча сунуштарын жана сын-пикирлерин беришти.

 Андан сон, депутаттар туруктуу комиссиянын дарегине келип түшкөн №1 мектеп-интернатынын директору жана “Дельфин” муниципалдык бассейнинин директорунун иштери боюнча кайрылууларды карап чыгышты. Бишкек шаарынын социалдык маселелерди көзөмөлдөөчү вице-мэрге  арыз ээлеринин маселелерин чечүү жана жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссияга маалымдоо тапшырмасы берилди.