Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн эл аралык карылар күнү. Кыргыздын тарыхына, руханий баалулуктарына таянсак, бизде карылар күнү бир жылда 365 күнү белгилениши абзел. Себеби улууларды сыйлоо, карынын кебин капка салып, айтканын эки кылбай кылып, урматтоо биздин каныбыз менен келип, кичинебизден ушул нукта тарбия алып келебиз.

Акыркы учурларда бул баалуулуктар бир аз солкундагансыйт. Бирок өлкөбүздүн негизин түзгөн билимдүү жаш муун азыркы кыйын абалды карылардын олуттуу кеңеши, терең акылмандыгы, эбегейсиз тажрыйбасы менен гана жеңе аларыбызды абдан жакшы билишет деп ишенем. Андыктан мамлекетибиздин өнүгүүсү сиздерсиз мүмкүн эмес деп эсептейм.
 
Урматтуу ата-энелер! Ар дайым бар болуңуздар! Демиңер күчтүү, дениңер сак болуп, көзүңөрдө ар дайым жаштыктын оту өчпөсүн! Уул, кыздарыңар аман болуп, жүрөгүңөрдү жылытып, жан дүйнөңөрдү байыта беришсин!
 
Таазим этип, Куванычбек уулуңар.