Бүгүн 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев шаар тургундарды жеке кабыл алуусун өткөрдү.
Кабыл алууда төмөнкү суроолор боюнча кайрылуулар угулду:
- үлүш ээлери менен көп кабаттуу турак үйдү куруучулардын ортосундагы конфликттик кырдаалды жөнгө салууга жардам сурап кайрылуу;
- N 8 бала бакчанын ремонту;
- материалдык жардам көрсөтүү;
- жеңил типтеги объектилерге жана айрым шаардык кызматтардын аракетсиздигине даттануулар.
Бардык суроолор БШКнын спикери тарабынан көзөмөлгө алынды жана тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди.