Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Отурумда депутаттардын Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана алар тарабынан тейленүүчү  кызматтар менен таанышуусу болду. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилген Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорунун долбоорлору каралды.

Депутаттар жарандардын жана юридикалык жактардын өздөрүнүн катышуусунда кайрылууларын кароого өзгөчө көңүл бурушту. Туруктуу комиссиянын депутаттары кайрылууларды  түшүнүү менен кабыл алышты жана колдоого алышты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясына жана тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди жана алар чечилгенге чейин комиссиянын контролунда калтырылды.