2021-жылдын 28-августунда БШКнын “Ынтымак” фракциясынын депутаты Максат Алымбеков тарабынан жумушчу жыйын өттү. Жыйынга “Ак-Босого” конушунун жашоочулары,
Биринчи Май муниципалдык администрациясынын башчысы Максат Нусувалиев жана шаардык кызматтардын жетекчилери чакырылган.
Башкы маселе – “Ак-Босого” конушунун тургундарына жаңы парк куруу.
Башкы идеяга ылайык, парк үч зонадан туруусу керек: машыгуу зонасынан, балдар ойноочу аянттан жана отургучтары бар улуу муун үчүн зонадан.
Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы менен Максат Алымбеков протоколдук тапшырмаларды берди.