Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин буга чейин берилген тапшырмаларына ылайык, “Бишкек шаарынын мэриясынын жаштар жана балдар иши боюнча борборун түзүү жөнүндө” маселеси боюнча маалымат угулду.

Талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар  борборубузда жаштар саясатын ишке ашыруу, активдүү жана таланттуу жаштарды жана алардын демилгелерин колдоо керектигин жана бул маселени Бишкек шаардык кенешинин сессиясында кароо зарылдыгын белгилешти. 
Мындан сырткары, 2019-2020 окуу жылынын жалпы жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүлөрдүн саны, окуучуларды аралыктан окутуу режиминин жыйынтыгы, бүтүрүүчүлөрдүн жылдык экзамендерин өткөрүү процедурасы жана Инфакомдун өкүлүнүн калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө маалыматтары угулду.