Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Уланов өз каражатынын эсебинен Ленин районунун кызматкерлерине түшкү тамак менен камсыз кылды.

Бул иш чара менен депутат коронавирус менен күрөшүүдө күндө кызмат өтөп жаткан өз алдынча башкаруу бийлигинин кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Алар Ленин районунун муниципалдык администрациясынын, райондук билим берүү башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Бишкек шаардык мэриясынын башка райондук түзүмдү бөлумдөрүнүн кызматкерлери.

Санитардык нормаларды так сактап жана элдин топтолушун алдын алуу максатта, ысык тамак атайын контейнерлерге бөлүштүрүлүп, ар биринин жумуш ордуларына даректүү түрдө жеткирилип берилди.

Бишкек шаардык кеңеш ушул күндөрү коронавируска каршы күндө кызмат өтөп жаткан ар бир жаранга ыраазычылыгын билдирет.