Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“КСДП” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары Бишкек шаардык штабдын атайын эсеп счетуна 200,0 миң сом акчалай каражат которушту.

Финансы каражаттары кызматкерлерди жеке коргоодо (антиспетик, коргоо костюмдарын, медициналык маскаларын жана кол каптарды) эң маанилүү каражаттарын алууга жумшалат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 20-мартында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров өз каражатынан коронавирус менен күрөшүүдө Бишкек шаардык штабдын атайын счетуна 200,0 сом которгон.

Бүгүн, БШКнын депутаты Байсалбек Эргешов айтылган счетго өз каражатынын эсебинен 100,0 сом которду. Ал эми депутат Эльмир Досалиев Бишкек шаарынын Октябрь районунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100,0 сомго азык-түлүк социалдык пакеттерин даректүү түрдө жеткирип берди. Келээрки 2 күн аралыгында, ушундай эле жардамды шаардык кеңештин депутаты Данияр Иманалиев көрсөтөт.

Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлери ыктыярдуу түрдө 108,0 миң сом чамасында финансы каражат чогулта алышты. Чогулган каражатка коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарларда кызмат кылган медицина кызматкерлерине жогорку коргоо деңгээлдеги маскаларын жана медициналык коргоонуучу костюмдарын тартуулап, колдоо көрсөтүштү.

Бишкек шаардык кеңешини депутаттары тарабынан шаарыбыздын аярлуу катмарына азык-түлүк түрүндөгү колдоо күндө көрсөтүлүүдө.