Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Күн тартиби боюнча

          Бишкек шаарынын мэриясы сунуштаган “Бишкек шаарынын аймагындагы акы төлөнүүчү токтотмолорду жана унаа туруктарды уюштуруучу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” БШКнын токтомунун долбоору каралды.

Талкуулоодо депутаттар тарабынан бир топ эскертүүлөр сунушталды. Бул долбоордо финансылык-экономикалык негиздемелердин жана анализдин жоктугу өзгөчө белгиленип, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп көрүү сунушталды.

Депутат Эрмек Усубалиев айтылган маселе боюнча өзү иштеп чыккан долбоорду сунуштап, Бишкек шаарынын токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасына бул долбоорду изилдеп чыгуусу тапшырылды.

          Мындан тышкары, туруктуу комиссиясы “Бишкек шаарынын токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык ишканасына айтылган сунуштарды эске алуу менен долбоорду кайра иштеп чыгуу жана бир көчөнүн мисалында презентация даярдоо жөнүндө тапшырма берилди.

Андан соң, Бишкек шаарындагы тротуарлардын жана унаа токтотмолордун абалы жөнүндө маселе каралды. Депутат Данияр Иманалиев тарабынан даярдалган жаңы курулуштардагы шаар куруу нормаларынын бузуу жөнүндө фотоматериалдар көрсөтүлдү. Тактап айтканда, жер астындагы унаа токтотмолордун чыгуу жерлери тротуарларды бузуу менен курулуп, бул шаар тургундарына бир топ тоскоолдуктарды жаратууда. Бул маселе боюнча “Бишкекбашкыархитектура” МИге тийиштүү иш чара уюштуруп, сунуш киргизүү жөнүндө тапшырма берилди.

          Ошондой эле эң көйгөйлүү маселелердин бири - шаар ичиндеги май куюучу жайлардын жайгашкандыгы тууралуу маселеси каралды. Талкуулоодо Мамэкотехинспекциянын маалыматы угулду. Депутат Куванычбек Конгантиев маселенин маанилүүлүгүн эске алып, бул маселени келерки сессиянын кароосуна киргизүүнү сунуштады.