Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Комиссиянын күн тартибинде жолдорду, тротуарларды, ирригациялык тармактарды куруу жана жасалгалоо боюнча титулдук тизмеге ылайык Бишкек ш. мэриясынын түзүмдүк кызматтарынын жасаган иштери, суу жана канализация түтүктөрүн орнотуу жөнүндө маселелер каралды.

Ошондой эле шаардык лифтердин, Ч. Айтматов проспектисинде жайгашкан машина токтотмолорун кайтаруу, Т. Фрунзе көчөсүндө мечиттин жанындагы машина токтотмолору үчүн жай аныктоо маселелери талкууланып, Бишкек шаарынын мэриясынын кайта иштеп чыгуусуна көрүстөндөрдү күтүү жөнүндөгү жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү жөнүндөгү эрежелердин эки долбоору кайтарылып берилди.

Мындан тышкары шаардык мэриясы тарабынан комиссиянын кароосуна үй жаныбарларын, канаттууларын кармап-багуу жөнүндө эрежесинин долбоору киргизилген. БШКнын депутаттары тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына айтылган маселени сессиясынын кароосуна киргизүү сунушталды.