Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, төраганын орун басары Русланбек Жакышов, шаардык кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери Бишкек шаарынын 2020-22-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасын коомдук талкуулоо конференциясына катышышты.

Конференция Октябрь райондук администрациянын чоң залында өтүп, ага Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери жана активдүү жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Бишкек шаарынын экономика жана инвестиция Департаментинин жетекчиси Медербек Алиев катышуучуларга программанын долбоорун презентациялап, анын жыйынтыгында бардык катышуучулар талкууга өтүштү.

Шаардык депутаттар жана шаар тургундары тарабынан өткөн талкуунун негизинде, айтылган программага:

- жаңы конуштарда социалдык объектилердин курулуусу;

- транпорт инфраструктурасын жакшыртуу маселелерин киргизүү жөнүндө сунушталды жана угузулган сунуштар программанын иштеп чыккан адистер тарабынан эске алынды.