Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаныбек Абиров академик Иса Ахунбаевдин 110-жылдыгына, Борбордук Азияда жүрөккө жасалган опреациянын 60-жылдыгына жана Кыргызстандагы жүрөк хирургиясынын жана органдарды трансплантациялоонун илимий-изилдөө институтутунун туптөлүшүнүн 15-жылдыгына карата уюштурулган Эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылыш аземине катышты.

Кыргызстандын бардык региондордон келген кардиохирургдар жана кардиологдор Израилден, Германиядан, Россиядан, Турциядан, Монакодон, Түштүк Кореядан, Кытайдан, Украинадан жана Казахстандан келген академиктер жана профессорлор менен биргеликте кардиохирургиялык операциялардын мастер-класстарын өткөрүшөт. Кыргыз окумуштуулары менен өзүнүн билими жана болгон тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн советтик жана россиялык кардиохируг-догдуру, ойлоп табуучу, педагог жана профессор Лео Бакерия дагы келген.

Жаныбек Абиров өз куттуктоо сөзүндө, “Бүгүнкү үч маанилүү датаны бириктирип турган бир гана ат бар – ал Иса Ахунбаев. 60 жыл мурун, академик Иса Коноевич Ахунбаев Борбор Азия жана Казахстан аймагындагы эң биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. Ата мекендик кардиологиянын түптөлүшүнөн баштап бүгүнкү күндөргө чейин биздин кардеология тармагында бир топ жетишкендиктер жана ийгиликтер болду жана дагы өнүгүүдө. Бул тармактагы эң ири жетишкендиктердин бири, бул албетте 2004-жылы Кыргызстандагы жүрөк хирургиясынын жана органдарды трансплантациялоонун илимий-изилдөө институтутунун (НИИХСТО) түптөлүшү болуп саналат. Бул Иса Коноевич Ахунбаевдин – эң башкы кыялдарынын бири эле. Бул нерсенин ишке ашуусундагы анын салымы зор. Бул институттун дубалында миңдеген адамдардын жанын сактап калган миңдеген ачылыштар, ойлоп чыгаруулар, жүрөк оорусун дарылоодо жана диагностика жүргүзүүсүндө кыргыз окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Белгилүү кыргыз академиктердин илимий-педагогикалык мектептери түптөлгөн. Академик агайыбыздын иши – анын окуучуларында жана орун басарларында жашап, өркүндөп жатканын көрүп, бардыгыбыз кубанып отурабыз. Алардын бири Медицина илимдеринин доктуру, профессор Джошибаев Сеитхан Джошибаевич жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, кардиохирург Жоошов Кылычбек Турганбекович.

Урматтуу медицина кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын каридологдору жана кардиохирургдары, Сиздерди Ата мекендик кардиологиянын туулган күнү менен куттуктайм! Бул эл аралык илимий-практикалык конференциянын ар бир катышуучусуна жаңы билимдерди, тажрыйбаларды алып кетүүсүнө тилектешмин жана алган билимдери адамдардын жанын сактап калууда, кардиохирургиядагы жаңы ачылыштарга өбөлгө болот деп терең ишенем! Чын жүрөгүмдөн Сиздерге узун өмүр жана жасаган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүүңүздөрдү каалайм” деп белгилеп, Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.