Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

№58 ОБМ Александр Сергеевич Пушкиндин туулган күнүнө жана славян жазмасынын жана маданиятынын күнүнө арналаган фестивалдын катышуучусу жана аны Бишкек шаарында өткөрүүнүн башкы уюштуруучусу болуп саналат.

Жаныбек Абиров мектептин окуучуларына, мугалимдерине жана бул фестивалды уюштурууда көмөк көрсөткөн ар бир инсанга өз ыраазычыдыгын билдирип, өз сөзүндө “Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын кыргыз тилин гана эмес, орус тилин билүүгө шарт жана бул эки тил көп улуттуу кыргызстандын маданиятынын байытып, тең өнүгүүсү маанилүү”, деп белгиледи.

Бул тарапты өнүктүүрүүдөгү Россия Федерациясынын Коми Республикасынын башчысы, №58 ОБМдин бүтүрүүчүсү жана эл аралык деңгээлге ээ болгон “Славян лирасы” фестивалынын башкы демилгечилеринин бири болгон Сергей Галликовдун жазап жаткан иштерин белгилей кетти.

Фестивадын ачылган күнү болгон 7-июндан тартып уюштуруучулар тараптан бир топ иш чаралар өткөрүлөт: сүрөттөр конкурсу, славян жазмасын изилдөө иштери, каллиграфия конкурсу, эссе, көркөм окуу, китепканаларга экскурсиялар, китеп көргөзмөлөрү, тегерек стол жана Орус дарама театрына баруу. Фестивалдын салтанаттуу жабуу аземи 7-апрелге пландаштырылып, анда конкурстар жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

Фестивалдын максаты орус тилин Россияда жана жакынкы чет өлкөлөрдө маданий аралык жана улут аралык каттоону бекемдеген каражат катары жайылтуу жана бекемдөө болуп саналат.