Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов кыргыз аскер-учкучунун эстелигинин ачылышына катышты.

Иш чарада И. Абдраимов атындагы кыргыз авиация Институнун директору Улан Курманов, “Кыргыз республикасынын Генералдар Клубунун” төрагасы генерал-майор Садырбек Дубанаев.

Баатырдын туугандары жана авиация институтунун курсанттары катышышты.

Эстелик институттун аймагында орнотулду. Баатырдын элесин түбөлүккө алтырууну баатырдын туугандары көп убакыттан бери эңсеп келишкен, бул максаттын ишке ашышына баатырдын небереси Ринат Курбаналиевдин бир топ салым кошкон.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик тараптан жана согуштун баатыры башында турган учкуч окуу жайы тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.

Абдували Курбаналиев 1906-жылы туулган. Улуу Ата-Мекендик Согушка чейин басмачылар менен согушуп, көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп келген.

1934-жылы анын учкучу Самарканд шаарында кырсыка учурап, учкуч кантузияга кабыл болгон. Бул себептин айынан учкучту фронтко албай коюшат. Бирок, ага карабастан, аскер-учкучу өз Мекенине кызмат кылуунун башка жолун табат – ал фронтко 2000ден ашык пилотторду окутуп, даярдап чыгарган. Алардын ичинен Советтер Союзунун Баатырлары дагы чыгышкан.