Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Мааракеде Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Жаныбек Абиров, Биринчи май районунун администрация башчысы Токтосун Султанов, Кыргыз Республикасындагы КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери катышышты.

Өз сөзүндө «Тилекке каршы, Улуу Ата-Мекендик согуштан баары кайтып келген жок, көбү дайынсыз жоголуп келбей калды. Боордоштор көрүстөнүндө Совет Республикасынын жуздөгөн союз республикаларынын эр жүрөк кыздар балдары көмүлгөн.

Негизгиси, Азыр урпактары жакындарынын элесин сактап келгени өтө маанилүү, ушул жумушка көмөктөшүп, жардамын аябаган инсандарыбыз бар экендиги кубандырат.
Бишкек шаардык кенештин атынан, жана өзүмдүн атымдан “Наша Победа – Биздин Жеӊиш” аттуу кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптевага, “Эрдик-Подвиг” аттуу Коомдук фондунун негиздөөчүсү Каныбек Мырзакановго жана Гульнара Мырзакановага ыраазычылык билдиргим келет.
Алардын оор эмгеги жана чын ниетинен кызмат кылгандыгы үчүн гана Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда каза болгон аскерлерибиздин аты өчкөн жок.

Тарыхыбыз жана аманатыбыз бир – өсүп келе жаткан муунга 
тарыхый рухубузду, үмүт тилектерибизди, кылган иш аракеттерибизди жеткирүүбүз керек.”- деп белгиледи Жаныбек Абиров.