Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Бишкек шаарынын күнүнө карата БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров, депутаттары Таалайбек Сариев, Бактыбек Абдиев жана Эрмек Усубалиев Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарын борборубуздун мыкты кызматкерлерине тапшырышты.

Өз куттуктоо сөзүндө, Жаныбек Абиров сыйлык ээлерин куттуктап “Борборубузда болуп жаткан өзгөрүүлөргө жана анын ийгиликтүү өнүгүшүнө бардыгыбыз күбө болуп турабыз. Бул ийгиликтердин баарында сиздердин зор эмгегиңиздер бар.

Бишкек шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге Бишкек шаардык кеңештин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем”,-деп белгиледи.