Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кымбаттуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

Бүгүн – баардыгыбыз үчүн өзгөчө күн!

Бишкек шаардык кеңештин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, биздин сүйүктүү шаарыбыздын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бишкек - ар бирибиз үчүн эң кымбаттуу жана сүйүктүү шаар!

Биз – бир чоң үй-бүлө, ал эми Бишкек – биздин үйүбүз!

Ал миңдеген адамдарга – окууга, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана үй-бүлө куруп, балдарын тарбиялаганга мүмкүнчүлүк берет.

Борборубузда болуп жаткан өзгөрүүлөргө бардыгыбыз күбө болуп турабыз. Бишкек – заманбап шаарлардын катарын толуктап, жаңы боёкторго боёлуп, ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Өлкөбүз – бир, борборубуз – бир,  демек максатыбыз дагы бир!

Ар бирибиз — шаарыбызга аяр мамиле жасоого милдеттүүбүз!

Анткени бул биздин шаар, анын келечегине жана өнүгүшүнө бардыгыбыз жооптубуз!

Биргеликте гана, биз, Бишкек шаарын мындан дагы көрктүү, жашыл, ыңгайлуу, жана коопсуз шаар кыла алабыз. Чын жүрөктөн ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана молчулук каалайм! 

Майрамың менен, сүйүктүү Бишкегим!