Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн иш чарада катышты.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн жаңы келген 60 автобустарды Ала-Тоо аянтында презентациялады.
Жаңы келген автобустарда, автобустун ичиндеги жана сыртындагы болуп жаткан аракеттерди тартып туруучу видеокамаралар орнотулган. Ошондой эле, иш чаранын катышуучуларына электрондук билеттөө системасынын презентациясы өттү.