Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

27-мартта Мариин дворецинде Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу Чогулушунун (Россия Федерациясы) жана Бишкек шаардык кеңештин (Кыргыз Республикасы) ортосунда Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду. Кеңеш  Кыргыз Республикасынын борборунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

Документке Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу Чогулушунун төрагасы Вячеслав Макаров жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров кол коюшту.

“Кыргыз Республикасы  Борбордук Азия регионунда биз үчүн эң маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Биз ЖККУ, ЕврАЗЭС, Бажы союзу сыяктуу уюмдардын алкагында өз ара иштешебиз. Эки өлкөнүн ортосунда аскердик-техникалык, экономикалык, билим берүү жана маданият чөйрөлөрүндө, Борбордук Азияда эл аралык террорчулукка жана экстремизмге каршы аракеттенүүдө конструктивдүү кызматташуу жолго коюлган.

28-мартта Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолуга турган Кыргызстанга мамлекеттик расмий визити башталат. Ал эми биздин бүгүнкү жолугушуубуз  регионалдык деңгээлде кызматташуунун активдүү өнүгүүсүн күбөлөндүрүп турат” - деди Вячеслав Макаров.

Петербург  парламентинин төрагасы Россияны жана Кыргызстанды жалпы тарых жана маданият байланыштырып тураарын белгиледи. “Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Ленинград шаарын коргоп жатып, кыргыз элинин 4 500дөн ашык уулдары каза болгон. 16 миңден ашык ленинградчылар, анын ичинде 3 500 бала, баш маана кылуучу жай жана камкордук тапкан, Кыргызстанга эвакуацияланган. Бишкекте Ленинград блокадасынан 150дөн ашык баланы сактап калган Токтогон Алтыбасарованын эстелиги, анын бөлүгү болгон мемориал орнотулган”- деди Вячеслав Макаров.

Жаныбек Абиров Чогулуштун төрагасын  жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум эки шаардын парламенттеринин ортосунда баалуу мыйзам чыгаруу тажрыйбалары менен алмашууга мүмкүндүк түзөт жана орус-кыргыз регионалдык өнөктөштүктү, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы күч берет деген үмүтүн айтты. Ленинград блокадасынын жашоочуларынын эрдиги кыргыз элинин эсинде кылымдар бою калаарын билдирди.