Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Жаныбек Абировдун төрагалыгы астында Бишкек шаарындагы Свердлов районунун “Учкун”, “Бакай-Ата”, “Энесай”, “Ак-Бата”, “Ак-Тилек”, “Келечек”, “Кайынды” жаңы конуштарында көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйындын негизги максаты, Бишкек шаарындагы муниципалдык жер участокторун ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитүү жана анда спорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо объекттерин курууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди жеринде карап чыгуу.

Көчмө жыйында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Асель Пирматова, Мийзамидин Калыков, Свердлов районунун муниципалдык администрациясынын башчысы Мурат Осмонов, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Талкуулоолордун жыйынтыгы менен тийиштүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди.

Белгилей кетчү нерсе, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары март айында шаардын 47 жаңы конушуна барууну пландашкан.