Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Жаныбек Абировтөрагалыгы астында Бишкек шаарындагы Ленин районунун “Кут”, “Ала-Тоо”, “Ак-Ордо”, “Арча-Бешик” жаңы конуштарында көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө БШКнын депутаттары Бишкек шаарындагы муниципалдык жер участокторун ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитүү жана анда спорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо объекттерин курууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди карашты.

Көчмө жыйында Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алымбек Бактыбеков, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Талкуулоолордун жыйынтыгы менен тийиштүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилди.

Белгилей кетчү несре, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бекитилген графикке ылайык шаардын 47 жаңы конушуна барууну пландоодо.