Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Блошка көлүнүн абалы жана Биринчи май районундагы эки спорттук балдар аянтчаларын уюштуруу боюнча жүрүп жаткан иштер менен тааныштык.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана депутат Эрмек Усубалиев Бишкек шаарынын тургундары менен жолугушушту. Жолугушууларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, “Бишкекасфальтсервис” жана “Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйын шаар тургундарынын өтүнүчүнүн негизинде уюштурулду.

➡️Биринчи маселе боюнча: Биринчи май районунун активдүү тургуну Александр Толмачёвдун кайрылуусу негиз болгон. Кайрылууда ал Блошка көлүнүн абалы менен жерине келип таанышып кетүү болгон. Бул маселени Александр Толмачёв февраль айында Биринчи май районунун тургундары менен болгон коомдук бюджеттик угууларда депутаттарга угузган жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасын чакырып кеткен.

➡️Экинчи маселе боюнча: Биринчи май районунун тургундарынын Балтабаев көч., 1 дарегинде жайгашкан аянтчага кичинекей өспүрүм балдарга спорттук балдар аянтчасын уюштуруп берүүнү суранышкан. Азыркы маалда, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Эрмек Усубалиев жана Сайдахмат Исмаилов тарабынан жарандардын кайрылуусун ишке ашыруу максатында аткаруу бийликтин адистери менен тиешелүү иш алып барууда.

➡️Үчүнү маселе боюнча: Токтоналиев көчөсүнүн тургундары атайын жайгашкан жер тилкесинде спорттук балдар аянтчасын уюштуруп берүү жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына кайрылуу жөнөтүшкөн. Кайрылууну БШКнын депутаты Эрмек Усубалиев толугу менен колдоп, өз көзөмөлүнө алган. Бул жер тилкеси шаар тургундарына “слониктер” аттуу ысым менен белгилүү болуп калган. Жыйындын жыйынтыгында Биринчи май районун муниципалдык администрациясына, “Бишкекасфальтсервис” жана “Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык ишканаларга белгилеген мөөнөттө, айтылган жер тилкесине балдар аянтачасын уюштурууда тийишелүү даярдык жумуштарды аткаруу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.