Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйыны өттү.

Эмил Сыдыковдун төрагалыгынын астында өткөн Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча кезектеги жыйынында бир нече социалдык маанилүү маселелер каралды.

Күндүн тартиби боюнча төмөнкү маселелер боюнча маалыматтар угулду:

- социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө. Ошонун ичинде Жеке-мамлекеттик еврей мектеби, Балдар жана жаштар реабилитациялоо борбору, Дене тарбия жана спорт башкармалыгы ээлеген имараттарды максаттуу жана негиздүү пайдалануу жөнүндө сунуш киргизүү;

- “Газпром-Кыргызстан” компаниясы тарабынан курулуп жаткан мектептин курулуш иштеринин жүрүшү жөнүндө;

- № 30 атайын (жардамчы) мектебинин окуучуларын атайын китептер менен камсыздоо жөнүндө ата-энелердин кайрылуусу;

- Тез медицина борборунун Бишкек шаарынын  түштүк жагында тез жардамдын подстанциясын курууну каржылоо жөнүндө кайрылуусу;

- Бишкек шаарынын алгачкы медициналык-санитардык жардам системасында жүргүзүлгөн оптималдаштыруу жөнүндө.

Ошондой эле, БШКнын депутаттары Балдар жана жаштар реабилитациялоо борборуна, мурдагы кубаттуулугу боюнча көбүрөөк балага каралган бала-бакчанын имаратын максаттуу жана негиздүү түрдө пайдалануусу боюнча маселе боюнча көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкүлөр белгиленди: борбордун долбоордук кубаттуулугу 70 баланы түзөт, бирок бүгүнкү күндө 21 бала тарбияланууда.

Ошол эле учурда, бала бакчанын типтүү имараты мектепке чейинки билим менен камсыздоо үчүн 200дөн ашык баланы кабыл ала алат. Бул маселе жергиликтүү бийлик тарабынан иштелип чыгат.