Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2019-жылдын 12-февралында Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы болуп өттү.

Сессиянын башында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов жаңы депутат менен тааныштырып, ага Бишкек шаардык кеңештин депутаты деген төш белгисин тапшырды. Депутаттык мандатка өз мандатын өткөрүп берген Жусупбек уулу Коргонбайдын ордуна Эргешов Казыбек Кочкорович (“Республика – Ата-Журт” фракциясы) ээ болду.

Сессиянын жүрүшүндө негизги болуп 10 маселе каралды. Жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык куруу башкармалыгынын, “Бишкекасфальтсервис” МИнин жасалган иштери жөнүндө отчету угулду. Ошондой эле Бишкек шаарынын жер ресурстарынын башкармалыгынын “Тунгуч” кичи-районунун жашоочуларына сейил-бак уюштуруу жөнүндө маалыматы, Бишкек шаарындагы эки жер алдындагы өтмөктүн ремонт иштеринин жүргүзүлүшүнүн жана эки жер үстүндөгү өтмөктүн курулушун текшерүү боюнча депутаттык жумушчу комиссиянын маалыматы, “Газпром Кыргызстан” ишканасы тарабынан каржыланып, курулуп жаткан мектепте аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалыматтар каралды.