Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык кеңештин Президиумунун жыйыны болуп өттү.

Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары, фракция лидерлери жана туруктуу комиссиялардын төрагалары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Президиум мүчөлөрү кезектеги XXI сессиянын күн тартибинин долбоорун түзүштү. Ошондой эле сессиянын датасы 12-февралга белгиленди.

Бишкек шаардык кеңештин боло турган кезектеги XXI сессиясынын күн тартибинин долбооруна 10 маселе кирди.