Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров башында турган Бишкек шаардык кеңештин аппараты  белгилүү теле алып баруучу Салтанат Саматованын, “Эко-сумканын” тең негиздөөчүсү Кызылгүл Каниметованын элесине арналган “Рак оорусуна каршы бирге” кайрымдуулук акциясына катышты.

Бул иш-чара “Рак оорусуна каршы бирге” коомдук фонду жана “Курдаш” бейтаптар мектеби тарабынан уюштурулган.

Кайрымдуулук акциянын бардык коноктору үчүн  кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусу менен концерт даярдалган. Филармониянын фойесинде бардык нерселерден тышкары, камкордук фондунун биринин колунан жаралган эко-сумкалар жана уникалдуу кооз төөнөгүчтөр сатууга коюлган жарманке уюштурулган.

“Жыл сайын Рак ооруусуна каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү — 4-февралда белгиленет. “Бул күндүн максаты – коомчулуктун көңүлүн  бул глобалдуу көйгөйгө буруу, азыр онколгогиялык ооруулар канчалык коркунучтуу жана таркагандыгы жана рак оорусунан өлүүнүн санын бир топ азайтуу керектиги тууралуу эскертип туруу” – деди Жаныбек Болотбекович.

Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы уюштуруучуларды жана катышуучуларды активдүү позициясы жана бул ооруга көңүл кош карабагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаныбек Абиров “Рак оорусуна каршы бирге” фондуна акча сертификатын тапшырды, ошондой эле кайрымдуулук акциянын фондуна Бишкек шаардык кеңештин аппараты тарабынан чогултулган финансылык каражатты өткөрүп берди.