Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай — коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамалыгына өткөрүп берүү жөнүндө № 486 токтому каралды.

2019-жылдын 10-январында Октябрь райондук администрациясында Бишкек шаардык кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын отуруму болуп өттү. Отурумда бир нече суроолор каралды.

Биринчи суроо боюнча: 2018-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү №486 токтомду кабыл алат. Анда «Бишкекбашкыархитектура» МИси Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинен чыгарылып, «Бишкекбашкыархитектра» мамлекеттик ишканасы кайра түзүлүшү жана анын ишмердиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамлыгына өткөрүлүп берүүсү айтылган.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаттары айтылган №486 токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келбейт жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары бузулгандыгын айтып чыгышты. Андан дагы, Кыргыз Республикасынын Конституциясына дал келбейт. БШКнын депуттары, келечекте жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарынын жана мыйзам эрежелиринин бузулушуна жол берилбеши үчүн, муниципалдык менчиктин кызыкчылыктарын коргоп, кыска мөөнөттүн ичинде Бишкек шаардык кеңеш менен Бишкек шаарынын мэриясы бирдикте сот өкүлдөрүнө кайрылышы керектиги белгиленди.

Экинчи маселе боюнча: 2019-жылга жергиликтүү бюджет Кыргыз Республикасынын бюджет кодексине ылайык кабыл алынуусу керек.