Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Тимур Тюбеев балдардын тамагын камсыздоого жана жакшыртууга № 22 жана № 188 бала бакчаларына куурганга шкафы бар жаӊы электрплиталарын жана электрсковородасын алууга көмөктөштү.

Бүгүн, 9-январда, депутат аталган бала бакчаларга барып, балдардын тамагын камсыздоого жана жакшыртууга алынган жаӊы электрплиталарынын акыбалын көрүп келди. Эски электрплиталар 60-жылдары орнотулган жана акыбалы өтө начар болчу.

№22 бала-бакчасынын коллективи Тимур Тюбеевге рахматын айтып, “Ыраазычылык кат” тапшырышты. Ошондой эле аталган бала бакчанын жетекчилиги тарабынан БШК депутаты жана келген конокторго бала бакчанын ичинде мини-экскурсия уюштурулуп, иш-чарага келгендер ашкананы, жатакананы жана оюн бөлмөлөрүн көрө алышты.

Ал эми залда БШК депутаты жана конокторго жеткинчек топтун кичинекей актерлору Чыӊгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде көргөзмө тартуулашты. Алар актерлук чеберчилиги менен бардык коноктордун жүзүнө жылмайуу тартуулашты.

2018-жылы №22 бала бакчанын балдары аталган көрсөтмөсү менен Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы үч айлык сынактын жыйынтыгында экинчи орунду алышкан.