Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу мекендештер, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

Жыл аяктап, жаңы жылдын башында өткөн жылда жасаган иштерибиздин жыйынтыгын чыгарабыз. Жыл кызыктуу, татаал жана ошол эле учурда натыйжалуу иштерге толгон жылдардан болду.

Биздин борбор үчүн жыл жеңил жылдардан болгон жок. Бирок шаарыбыз өсүп, өнүгүп жатты.

Биз, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жана алдыга койгон пландарыбызды ырааттуу түрдө иш жүзүнө ашырабыз. Бул, жаш муунга жана шаар тургундарына, өзүлөрүнүн артыкчыларын ишке ашырууда ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө бирден бир жолу болуп саналат.

Коом үчүн маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жана экономикалык тармакта, коммуналдык чарбада жана бизнесте эмгектенип, жаңылуулардан коркпой алдыга умтулуп, биздин борбор шаарыбыздын жаңы тарыхын жаратып келген ар бир инсанга, ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.

Келе жаткан 2019-жыл ар бириңиздердин жашоонордо жакшылыктарды, үй-бүлөңөргө ырыс-кешик, бакубат жашоо алып келген жылдардан болсун!

Урматтуу кыргызстандыктар, Жаңы 2019-жылыңыздар менен!

— Жаныбек Абиров