Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Футбол талаасын курууга 2 млн сом, спорттук шаймандарга 150’000 сомдук сертификат жана 10 планшет Ленин районунун №93 мектебине берилди.

Бүгүн, 29-декабрда “Газпром-Балдарга” ДФКсынын залында Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Темирлан Токобеков “Арча-Бешик” конушунун тургундары жана №93 мектептин окуучулары үчүн чындыгында жомоктогудай жаӊы жылдык маанай тартуулады.

Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусу менен өткөн жаӊы жылдык көрсөтүүдөн тышкары БШК депутаты кичинекей балдарга таттуу белектерди тартуулады.

№93 мектептин окуучулары жана келген коноктор үчүн күтүлбөгөн белек болуп Темирлан Токобеков даярдап койгон сюрприз болду окшойт. Анткени ал жаӊы жылдык белектерден тышкары “Арча-Бешик” конушундагы №93 мектепке футбол талаасын курууга 2 млн сом, спорттук шаймандарга 150’000 сомдук сертификат тапшырды.

Ленин районунун социалдык маселелер боюнча башчысынын орун басары Жамалкан Мамытова мектеп окуучулардын жана алардын ата-энелеринин атынан БШК депутатына ыраазычылыгын билдирип, Ыраазычылык катын тапшырды.

Майрамдык иш-чарадан соӊ кичинекей коноктор үчүн чакан дискотека уюштурулду.