Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов “Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишкана” муниципалдык ишканасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин ишкананын 50 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана вице мэр Максим Ситников катышты.

Русланбек Жакышов кызматкерлерди куттуктап жатып, алардын эмгеги менен шаардыктар үчүн ыӊгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле БШКнын депутаттарынын муниципалитет менен биргеликте иш алып баргандыгынан, борбор калаа үчүн кошумча жаӊы автобустарды алып келүү боюнча долбоор ишке ашып жатат.

Ишкананын мыкты кызматкерлерине Русланбек Жакышов Бишкек шаардык кеӊештин Ардак грамоталарын тапшырды.