Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жаӊы жылдын алдында Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Адиса Имангазиева кичинекей балдарга гана эмес, Свердлов районунун улуу муундагы тургундарына да майрамдык маанай тартуулай алды.

Бүгүн, БШКнын депутаты «Аламүдүн-1», «Чыгыш-5», «Чыгыш-6», «Учкун» кичи райондорунан жана «Төкөлдөш» жаны конушунан келген көп балалуу, аз камсыз болгон, толук эмес үй-бүлөлөрдөн келген жана томолой жетим балдарга үч иш чара уюштуруп, өткөрдү. Аталган иш-чаралар «Аламүдүн-1» кичи районундагы №1 жана №38 мектептердин залдарында жана «Чыгыш-5» кичи районундагы №66 мектептин залында өттү.

Майрамдык иш-чара музыка жана жомоктогу каармандардын катышуусу менен театрлаштырылган көрсөтүүсү Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусу менен өттү.

Жалпысынан иш-чарага 600дөй бала, ошондой эле Свердлов районунун үй жана малаа башчылары катышты.

БШКнын депутаты бардык катышуучуларды кирип келе жаткан Жаӊы жыл менен куттуктап, ар бирине белектерди тапшырды. Балдар таттуу-тарапа, оюнчуктарды жана сувенирлерди алышты. Ал эми чоӊдорго Адиса Имангазиева өзүнчө белектерди даярдап коюптур.

Иш-чараларды уюштурууда депутаттын жардамчысы Наталья Владимировна чоӊ салымын кошту.