Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Асель Пирматова Свердлов районунун тургундарын куттуктады.

Салтанаттуу иш-чарага көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да чакырылган.

Жаӊы жылдык белек тандоодо болочок энелер катары кыздарга бөтөнчө көӊүл бурулган. Башка балдар да белексиз калган жок.

Асель Пирматова барын келе жаткан майрам менен куттуктап, кыздарга көйнөктөрдү жана таттуу-тарапаларды белек кылып, бакыт каалап, эрк жана ачык асман каалады.

Майрамдык иш-чараны уюштуруп, өткөзүүдө, БШК депутатынын жардамчысы Нургуль Пирматова активдүү жардам көргөздү.