Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров спорт коомчулугунун өкүлдөрүн салтанаттуу мааракеде куттуктады.

Бишкек шаарында спорттун жана дене тарбиянын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айрым спортсмендерге Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Жаныбек Абиров «Жаңы жылдын келиши менен, бардыгыбыз өткөн жылды жыйынтыктап, жасаган иштерибиздин негизинде жыйынтык чыгарабыз.

Ар бир жетишкендик, ар бир жеңиш, ар бир медаль — бул көп жылдык оор эмгектин, спортчулардын машыктыруучуларынын, дарыгерлеринин, жакындарынын жана туугандарынын жасаган эмгегинин жыйынты. Алар бул жеңиштерге өзүлөрүнүн болгон күчүн жана салымын кошуп келет.

Спорттун жана дене тарбия кыймылын көпчүлүккө жайылтуу, бул коомдун физикалык жактан гана эмес, нравалык ден соолугун дагы чыңдоо болуп саналат.

Биздин спортчулар алдыда көп ирет кесипкөйлүктөрүн көргөзүп, ата мекендик спортунун өнүгүүсүнө салым кошуп, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытат деп ишенем!

Залда отургандардын баарын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Жаңы жыл бизге өздүк жана дүйнөлүк деңгээлдеги жетишүүлөрдү, жаңы жеңиштерди алып келсин!», — деп салтанаттуу мааракенин катышуучуларын куттуктап кетти.