Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2018-жылдын 4-декабрында Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Свердлов районунун № 35 бала-бакчасына баруучу балдардын ата-энелеринин аталган бала-бакчанын башчысынын мыйзамсыз жүргүзгөн иштери жана жумушундагы бузуулар боюнча коллективдик арызы каралды.

Ата-энелердин жана мектепке чейинки мекеменин жетекчилигиин ортосундагы конфликттик жагдай боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.Никифорованын жана №35 бала-бакчанын башчысы Н.Токтомамбетованын маалыматы угулду.

Маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссия тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгына бул маселени контролго алуу жана жалпы билим берүү мекемелеринде конфликттик жагдайларды алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү протоколдук тапшырмасы берилген. Андан ары өз ишинде билим берүү объекттеринин жетекчилерин которуу (ротация) маселесин карап чыгылсын.

Комиссиянын күн тартибиндеги калган үч маселе боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри А.Куламбаеванын, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Мейрманованын жоктугуна байланыштуу, кийинки комиссиянын жыйынынын кароосуна калтырылсын деген чечим кабыл алынды.