Бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Канатбек Музуралиев Биринчи май районуна караштуу №15 МАБдын аймагында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрүн кыдырды.
Ар бири менен жеке баарлашып, алардын көйгөйлөрүн угуп, ден соолук каалоо менен жылуу жүн жууркан жана азык-түлүк баштыктарын белек катары тапшырды.
Жалпысынан 22 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга барды. Канатбек Музуралиевдин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзү жолугуп жардам көрсөтүп турушу жылдан жылга салт болуп баратат.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

