Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаардык кеӊештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы кызыккан тараптар  (республикалык, шаардык, райондук кызматтар жана коомдук уюмдар) менен кошо Бишкек шаарындагы жолдорду оӊдоп-түздөөгү көйгөйлөрдү чечүү маселеси боюнча тегерек столго чогулушту.

Тегерек столдо Бишкек шаарынын жолдорун оӊдоп-түздөөдө кеткен катачылыктар анализденди. Депутаттар активдүү коомдук жарандардын, эксперттердин пикирлерин жана долбоорду ишке ашыруунун биринчи фазасындагы катачылыктарды жана тоскоолдуктарды эске алуу керектигин жана Бишкек шаарынын жол тармактарынын өнүгүү концепциясынын ишке ашырылышы боюнча Бишкек шаардык кеӊешти маалымдап турууну айтышты.