Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана депутат Бактыбек Абдиев, 22-ноябрда, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш чарага катышып, аларды майрамы менен куттукташты.

 «Сиздерден кыргыз жарандары адилеттүүлүктү, калыстыкты, чындыкты күтөт. Бул ишеничибиз дайым так аткарылат деп ишенебиз!

Татаал кызматыӊыздарга чоӊ ыраазычылык билдирүү менен, бүгүнкү майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!», — деди, Русланбек Жакышов.

Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге БШКнын атынан Ардак грамота, Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси, “Патриот” белгиси жана Ыраазычылык кат беришти.