Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 19-ноябрда шаардык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 9 унааны тапшыруу салтанаттуу аземи борбордо болуп өттү.

Анын ичинде керектүү дарылоочу-диагностикалык жабдуусу бар 6 тез жардам унаасы, атайылаштырылган 2 сүт ташуучу унаа жана шаардын социалдык коргоо кызматына 1 унаа берилди.

«Медициналык тез жардам станциясынын автопарктын жаӊылоо жана толуктоо — бул биздин шаардыктар үчүн эң жакшы белек, анткени биз барыбыз «шашылыш» чалуулар менен кездешебиз.

Бүгүн биз сиздерге кымбат техниканы өткөрүп берүү менен, адам өмүрүн да ишенип берип жатабыз», — деди БШКнын төрага орун басары Русланбек Жакышов.

Бул унаалар элди тейлөө сапатын жогорулатат жана чакырууларга бригаданын өз убагында жетүүнү камыздайт

Тез жардам кызматына берилген 6 унаа шаардык бюджеттин эсебинен 10 182 000 сомго алынды, жана жаӊы конуштарды тейлөө үчүн бөлүнүп берилет.

Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы боюнча шаардык бюджеттин эсебинен жыл сайын 7-8 унаа алынып, жалпы саны норматив боюнча 100 бирдикке жеткирилет.

Азыркы тапта шаардыктарды 39-40 тез жардам унаалары тейлейт.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен  Балдардын шаардык сүт азык ашканасына атайылаштырылган 2 сүт ташуучу унаа 2 700 000 сомго алынган. Бул ишканага унаа көп жылдардан бери алына элек болчу.

Жашоонун татаал кырдаалына туш болгон, зордук зомбулуктун курмандыгы болгон балдарга жардам көрсөтүү максатында «Балдарга тез жардам берүүчү унаасынын» ачкычы берилди. Ал унаа 1 422 400 сомго сатылып алынган, эми кызмат көрсөтүү 24 саат бою болот.