Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Анда борбордук жолдордогу муздарды тазалоо боюнча реагентти колдонуу, мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрын жанындагы жер тилкесинин колдонулушу боюнча жана башка маселелер каралды.

Шаардын жолдорундагы муз менен күрөшүү боюнча «Тазалык» МИнын башчысы Талантбек Казакбаев жооп берип жатып, шаардын бардык бөлүгүнүн жолдорун өз убагында тазалоо үчүн атайын техника жетишсиз болуп жатканын айтты.

Ал эми мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын жанындагы жер тилкеси боюнча депутаттар жеке контролго алууну чечишти. Себеби жеке тараптарга берилип кеткен жер тилке бакчанын территориясында. Жашыл зонанын кыскарышына көмөктөшкөн кызматкерлерди табып, жазасын берүү тапшырмасы берилди.

Ал эми «Чатыр-Көл» кинотеатры боюнча КСДП фракциясы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансында болгондуктан, кинотеатрды жана анын айланасын оӊдоп-түздөө үчүн шаардын балансына өткөрүп берүү боюнча кайрыла турган болду.

Биринчи май раонунун акиминин орун басары А.Мавляновго аталган маселе боюнча толук маалыматты даярдап, көрсөтүүнү протокол жүзүндө тапшырылды.