Урмат көрсөтүү визитинин алкагында жолугушуунун катышуучулары ар түрдүү багыттардагы эки тараптуу өз ара кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жаныбек Абиров эки өлкөнүн ортосунда тарыхый тыгыз байланыштар жана соода-экономикалык кызматташуу түзүлгөндүгүн белгиледи. Акыркы учурда, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча оң жылыштар болду.
Өз кезегинде дипломаттык миссиянын жетекчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн болгон потенциалды пайдалануу зарылдыгын белгиледи.