Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

       

Бүгүн Касымалы Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында чоң шахмат тактасы орнотулду.

Бул ишчара  Эл аралык шахмат күнүнө арналды. Ишчарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин мурдагы депутаты, белгилүү окумуштуу-эколог Эмиль Шукуров, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, китепкананын жетекчилиги жана  кызматкерлери жана шаар тургундары катышышты.

Жеңил фигуралары менен 4Х4 өлчөмүндөгү шахмат тактасы балдар жана чоңдор үчүн кызыктуу бетешүүнү өткөрүүгө шарт түзөт.

Шахмат талаасы катар орнотулган көчө тренажерлорунун жана жайкы окуу залынын элементтери камтылган балдар аянтчасынын комплексине төп келишип жайгаштырылган.

“Азыр чыгармачыл жана ойчул адамдар жогору бааланган учур. Ал эми ой жүгүртүүнү  жакшыртуу  үчүн шахмат ойноо керек, себеби шахмат – бул акылды өстүрүүгө багытталган байыркы оюн.

Биз интеллектуалдуу улут үчүнбүз, андыктан чоң шахмат тактасын орноттук. Бул жакка каалаган адам келип шахмат ойной алат. Келечекте шаардын башка жерлеринде да ушундай шахмат такталары орнотулат”-деди Алмаз Кененбаев.

Ачык асман алдындагы шахмат тактасын орнотуу спикер Алмаз Кененбаевдин, БШКнын мурдагы депутаты Эмиль Шукуровдун жана Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун көмөктөшүүсүнүн аркасы менен мүмкүн болгондугун белгилеп кетүү зарыл.