Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Юлиус Фучик атындагы сейилбактын тарыхы 1935-жылдан башталат.

Түзүлгөнүнөн баштап ушул күнгө чейин сейилбактын аймагында оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ленин районуна тиешелүү сейилбактын аймагы 7 гектарды ээлейт. Шаардыктар үчүн сүйүктүү болуп калган эс алуу зонасы масштабдуу реконструкцияны талап кылып келген. Абаттоо иштери былтыр башталган. Борбор калаанын Ленин районунун тургундарынын эс алуусун камсыздоо  жана аймактагы жашыл зоналардын аянтын кеңейтүү максатында Фучик сейилбагын реконструкциялоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 30 млн. сом бөлүнгөн.

Учурда иштин биринчи этабы аяктаган. Жарыктандыруу түркүктөрү алынып салынып, үнөмдүү светодиоддук прожекторлор орнотулган. Жер астынан өтүүчү кабель чоюлуп, Ленин районунун администрациясына бириктирилген 22 интернет булагы жана 32 видеокөзөмөл камералары коюлган. Сейилбактын аймагында канализация жана суу түтүктөрү, 9 элементтен турган воркаут комплекси жана спорттук аянтча орнотулган. Мындан тышкары тротуарларга жана аллеяларга асфальт төшөө иштери бүткөрүлгөн, ошондой эле ирригациялык лотоктор жана тротуардык жээктер коюлган.

Фучик сейилбагынын салтанаттуу ачылышына Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Таалайбек Сариев, депутат Валентина Лисниченко, вице-мэр Геннадий Милицкий, Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев жана борбор калаанын тургундары катышышты.